Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: “ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУ ЖЕТИШСИЗ, БИЗ КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ КАДРЛАР ЖАНА ЗАМАНБАП ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК”

Көрүлдү: 1191

6-апрелде Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форум өттү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрликтин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун негизги багыттары” аталышында презентация жасады.

Андан сырткары Кыргыз Республикасындагы БУУ системасынын Туруктуу координатору, ЮНИСЕФтин өкүлү, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору, ЮСАИД өкүлчүлүгүнүн директору, Кыргыз Республикасындагы Ага Хан өкүлчүлүгүнүн башчысы билим берүү тармагын колдоо боюнча сөз сүйлөдү.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны катышуучуларга тааныштырып, 2030-жылы мектепке чейин билим берүү менен камтууну 85-90%га чейин жеткирүү зарылдыгын айтты.

“Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек! Өлкөнүн жараны төрөлгөндөн баштап ага тийиштүү көңүл бурулбаса, реформа болбойт! Биз жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдеринин үстүндө иштеп жатабыз. Биз бизнес-коомчулукту жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бул процесстерге активдүү катышууга чакырабыз”, - деди министр.

Ошондой эле министр 2024-жылга карата 40 миң баланы камтыган 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачыларын билдирди.

“Биз көчмө бала бакча боюнча пилоттук долбоорду баштадык. Учурда Бишкек шаарынын жаңы конуштарында 3 мобилдик бирдик иштеп жатат. Республика боюнча китепканалардын базасында 150 эрте өнүктүрүү борборлору ачылды жана биз жыл сайын 50 борборду ачууну пландап жатабыз. Ошентип, дээрлик 10 миң бала мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Балдарыбыздын өнүгүүсүнө жана социалдашуусуна бардык шарттар болушу үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү карайбыз, бул биздин стратегиялык векторубуз”, - деп билдирди Каныбек Иманалиев.

Министр жаңы бала бакчаларды эле ачып коюу жетишсиз экендигин айтып, буга кошо квалификациялуу кадрлар жана заманбап дидактикалык материалдар менен камсыз кылуу керектигин айтты.

“Тарбиячынын кесиптик жөндөмү жана компетенциясы боюнча рейтингин камтыган    “Алтын балалык” мобилдик тиркемеси даярдалууда. Ата-энелер үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша тарбиячыны, бала бакчаны тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болот”, - деди министр.

Ошондой эле Каныбек Иманалиев төмөнкүлөрдүн башталышы тууралуу айтты:

- мугалимдин ишинин сапатын баалоо, анын жөндөмдөрүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү, өз рейтингин аныктоосу үчүн «Биринчи мугалим» тиркемесин иштеп чыгуу;

- Быйыл «Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы» социалдык долбоорун ишке ашыруу, анын алкагында бүтүрүүчүлөр өз демилгеси менен мектепке электрондук төлөм тиркемелери аркылуу салым кошо алат.

Жакынкы мезгилге төмөнкү пландар белгиленген:

- мектептерди «Электрондук мектеп» долбооруна кошуу. Мектеп окуучулары олимпиадага “Электрондук мектеп” аркылуу катыша алышат. Олимпиадалардын санын жана сапатын жогорулатуу маселеси каралып жатат;

- профессионалдык чеберчилик боюнча кароо-сынактарды жыл сайын өткөрүү, «World skills» элементтери каралган кесиптердин улуттук чемпионатын уюштуруу;

- мурдагы билим берүүнүн жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди улантуу, «кесиптик лицей» - «колледж» - «университет» билим берүү траекториясын куруу.

Билим берүү жана илим министри 2030-жылга карата төмөнкү милдеттерди аныктады:

- кеминде 300 мамлекеттик мектеп эл аралык аккредитациядан өтүшү керек;

- ЖРТнын жыйынтыгы жыл сайын 5 баллга жогорулап, 150 баллдан кем эмес болушу керек;

- 5-7 ЖОЖ дүйнөдөгү 1000 мыкты университеттердин катарына кириши абзел;

- билим берүү жаатында кызмат көрсөтүүнү экспорттоону 2 эсеге жогорулатуу;

- илимий-метрикалык рейтингде Кыргызстан 126-орундан 80-орунга көтөрүлүшү керек. Докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоого талаптар күчөтүлөт. Кыргызстан дүйнөлүк илимде жана инновацияларда жылына 5000ден кем эмес сапаттуу илимий макала жаза баштаганда гана атаандаштыкка жөндөмдүү боло алат.

Каныбек Иманалиев Президенттин жана Министрлер Кабинетинин билим берүү жана илим жаатындагы колдоосун төмөнкүдөй белгиледи:

 - бардык аймактардан келген балдар үчүн “Акылман” президенттик мектебинин ачылышы. Бул мектеп өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына жана улуттук баалуулуктарга таянып, STEM предметтерине басым жасоо менен билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Бул мектептеги балдар жана мугалимдер үчүн сынак эки турда өткөрүлөт: биринчи тур мектеп тарабынан, экинчи тур Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борбору тарабынан өткөрүлөт;

- № 99 кесиптик лицейдин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу IT лицейин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын финалында 1 мугалимге 1 батир жана 5 мугалимге 1 миллион сомдон берүү демилгеси;

- мугалимге быйыл алгачкы жолу “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылат;

- өзгөчө статуска ээ болгон ЖОЖдордун илимий долбоорлоруна Инновациялык фонд аркылуу 4 миллион доллар бөлүү.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар