Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ОШ ШААРЫНДА БАЛДАР БАКЧАЛАРЫН КӨБӨЙТҮҮ ШАРТТАРЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 2449

2023-жылдын 5-апрелинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Ош шаарынын мэриясы менен видео байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү.

post.title

Жыйындын максаты - Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин санын көбөйтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээлин жогорулатуу.

Катышуучулар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин, мамлекеттик социалдык заказды пайдалануу, тарбиячылардын эмгек акысын жана балдардын тамак-ашына өзүнчө төлөөнүн жолдорун талкуулашты.

Жакынкы аралыкта Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри жана МЖӨ борборунун адистери мектепке чейинки мекемелерди түзүүгө сунушталган имараттарды, кызматташуу механизмдерин аныкташат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар