Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ӨКҮЛДӨРҮ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 2168

5-апрелде Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү, - Кеңсе жетекчиси Навид Хасан Накви жана билим берүү адиси Гүлмира Султанова менен жолугушту.

post.title

Тараптар учурдагы долбоорлордун алкагында колдоо көрсөтүү багыттарын жана билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына ылайык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилесек, Дүйнөлүк банк «Келечек үчүн билим» (2020-2025-жж.) жана «Окутуу негиздерин бекемдөө» (2021-2025-жж.) долбоорлорун каржылайт. Буга чейин эл аралык каржы уюму “Айылдык билим берүү” (2005-2011-жж.), “Билим берүү бардыгы үчүн-1, 2” (2007-2010, 2011-2013-жж.), “READ” (2013-2014-жж.), «Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо» (2014-2019-жж.) жана «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» (2014-2018-жж.) долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар