Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО-2023: БИШКЕК ШААРЫ ЖАНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 2822

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болгондугун маалымдайт.

post.title

Бишкек шаары боюнча тестирлөөгө 44 талапкер катышып, анын ичинен 32 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 6 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Ош облусунан катышкан 95 талапкердин ичинен 33 адам босого пайыздык чектен өтүп, анын 24ү жеңүүчү болуп аталды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 69 ваканттык орун бар болчу.

Бишкек шаары боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Ош облусу боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар