Көрүлдү: 963
Бүгүн, 4-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн Чүй облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоонун жеңүүчүлөрү белгилүү болду.
Тестирлөөгө жалпы 40 талапкер катышып, анын ичинен 15 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 12 талапкер жеңүүчү деп табылды.
Белгилей кетсек, Чүй облусу боюнча 33 ваканттык орун бар болчу.