Көрүлдү: 10
3-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен АКШнын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын, атап айтканда, алыскы аймактардагы мектептерге англис тилин үйрөтүү үчүн ыктыярчыларды тартууну талкуулашты.
Америкалык тарап англис тили мугалимдери үчүн АКШга билим берүү турун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн билдирди.