Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖЕТИ УНИВЕРСИТЕТ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Көрүлдү: 466

Бүгүн, 27-мартта жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында жети университеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол коюлду.

post.title

Алар:

  1. Баткен мамлекеттик университети;
  2. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  3. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  4. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  5. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
  6. А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик Педагогикалык университети;
  7. Талас мамлекеттик университети.

Меморандумга ылайык, документке кол койгон университеттердин биринде студенттерди алмашуу, жарым семестр билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар