Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООНУ СТИМУЛДАШТЫРУУ ҮЧҮН МАКУЛДАШУУНУ ДАЯРДОО БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Көрүлдү: 968

23-мартта Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ билим берүү маселелери боюнча жергиликтүү топтун жолугушуусун уюштурду.

post.title

Тараптар 2023-2025- жылдарга өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну жана түрткү берүүчү факторлорду талкуулашты.

Министрликтин эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Айзаада Апышева биригүү жана диалог аянтчасы болгон Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк, билим берүү тармагындагы кайра түзүүлөрдү стимулдаштыруу үчүн макулдашуунун даярдоо этаптары жана принциптери тууралуу маалымат берди.

Эл аралык эксперт Шухрат Мирзоев мектепте сапаттуу билим алуу жана окуу мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн колдоо келишиминин вариантын сунуштады. Алсак, билим берүүнү трансформациялоого жетишүү үчүн 12 жылдык окутууга өтүү, жалпы орто билим берүү системасын реформалоо, анын ичинде мектепке чейинки даярдоо, жогорку класстарда профилдештирүү, STEM предметтерине басым жасоо, гендердик теңчиликти камсыз кылуу сунушталат.

Министр Каныбек Иманалиев маалыматтык системанын функционалдуулугун кеңейтүүчү, анын ичинде мектептин санариптик паспортун түзүү, жалпы билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо, ачык маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу компоненттерди киргизүүнү сунуштады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар