Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
45 БАЙКООЧУ-КОДЕРЛЕР ОКУУ ПРОЦЕССИН БААЛОО КУРАЛЫ МЕНЕН ИШТӨӨГӨ ОКУТУЛДУ

Көрүлдү: 408

45 кодер 3 күндүк тренингде “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструментин колдонуу учурунда педагогдорго байкоо жүргүзүү боюнча окутуудан өттү.

post.title

Тренингде катышуучулар инструментти колдонуу менен баалоонун мазмуну, максаттары, методологиясы, критерийлери жана көрсөткүчтөрү менен таанышты.

Байкоочу-кодерлер – педагогикалык билими, мектепте иштөө жана баалоо боюнча тажрыйбасы бар педагогдор. Алар республика боюнча  атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган.

 “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” (ББПБЖ) каражаты - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо куралы.

 Каражатты колдонуу менен негизги изилдөө 2024-жылдын ноябрь айында өткөрүлөт.

Инструмент Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар