Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КОЛЛЕГИЯ: ЖОЖдор ЖРТда ЖОГОРКУ ЖЫЙЫНТЫКТАРГА ЖЕТҮҮГӨ КӨМӨКТӨШӨТ

Көрүлдү: 964

Бүгүн, 22-мартта Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча өткөн көчмө коллегияда Чүй облусунун ЖРТда эң төмөнкү натыйжаларды көрсөткөн мектептерин жогорку окуу жайларына бекитип берүү жана тренингдерди уюштуруу токтому кабыл алынды.

post.title

Ага ылайык, төмөндөгү жогорку окуу жайлар методикалык колдоо көрсөтөт:  

  • химия предмети боюнча И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик   медициналык академиясы;
  • физика, математика предметтери боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз   мамлекеттик техникалык университети;
  • тарых предмети боюнча Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
  • кыргыз тили, орус тили жана чет тили предметтери боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

Мындан сырткары Республикалык педагогикалык кызматкерлердин    квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Чүй облусунун билим берүү натыйжалары төмөн болгон мектептеринин математика, физика, химия жана биология мугалимдери үчүн практикага багытталган модулдар боюнча квалификацияны жогорулатуу   курстарын уюштурат.

Маалымат үчүн:

Чүй облусундагы 290 орто мектептин ичинен 2022-жылы жалпы  республикалык тестирлөөгө 276 мектеп катышкан. Мектептердин 7 миң 787 бүтүрүүчүсүнүн ичинен ЖРТга 7 миң 498 (96%) катышып, анын ичинен 3 миң 601 бүтүрүүчү 110 баллдан аз балл (48%) алган.

Чүй облусунун 168 мектебинде бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү негизги тест боюнча 110 баллдан аз алышкан. Алсак, Панфилов районунда  мындай мектептер 18 (78%), Ысык-Ата районунда жана Кара-Балта шаарында – 32 (74%), Москва районунда – 23 (71%), Кемин районунда – 21 (70%), Сокулук районунда – 24 (58%), Жайыл районунда – 19 (53%), Чүй районунда – 11 (52%), Аламүдүн районунда – 14 (40%), Токмок шаарында - 6 (40%)%).

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар