Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Билим берүү жана илим министрлиги Болотбек Купешевге кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты төгүндөйт

Көрүлдү: 1245

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Reporter.kg маалымат агенттигинин Купешев Болотбек Душековичке кылмыш иши козголгондугу тууралуу билдирүүсүн (https://reporter.kg/ru/bilim-beryy-ministri-kupeshovgo-kylmysh-ishi-kozgoldu/) төгүндөйт.

post.title

«Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге кылмыш иши козголду» деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, министрлик Reporter.kg маалымат агенттигинен чындыкка дал келбеген, Болотбек Душековичтин ар-намысына көө жапкан, элге жар салынган билдирүүнү эл алдында төгүндөөнү талап кылат.   

Ошону менен бирге министрлик редакцияга жалган маалыматты атайылап элге жар салуудан карманууну сунуштайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар