Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВДИН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА КУТТУКТООСУ

Көрүлдү: 454

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосун назарыңыздарга сунабыз.

post.title

“Урматтуу мекендештер, кымбаттуу боордоштор, кадырлуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

 

Жалпыбызга Нооруз майрамы куттуу болсун!

 

Элибиз эзелтен бери өзгөчө шаң менен белгилеп келген бул майрам - күн менен түндүн теңелгенин, жер жарылып, чөп чыкканын, жалпы журт эгин эгип, үрөн себүүгө кам көрө баштаганын, табият менен таттуу мамиледе болууну туюндурган майрам.

 

Нооруз – жаңылануунун, тазаруунун жана эмгектин майрамы.

 

Дал ушул күнү атпай кыргыз журту жакшы ниет, илгери үмүт, аруу максаттар менен элибизге токчулук, жергебизге молчулук, бейпил турмуш жана мол береке тилейт.

 

 Жаңырган жылда баарыбызды албан ийгилик, ынтымак, өнүгүп-өсүү, жыргалчылык жана бакубат жашоо коштосун.

 

Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт жана тынчтык ыроолосун.

 

Ушул жылы билим берүү тармагында жасап жаткан эмгегибиздин акыбети кайтып, түшүмү мол жылдардан болсун.

 

Айдан аман, жылдан эсен бололу, Нооруз майрамыңыздар менен!

 

Урматым менен,

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар