Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ИНДИЯДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 541

Шарда университети менен Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын ортосундагы кызматташуу тууралуу келишиминин алкагында, 2023-жылдын 13-мартынан 16-мартына чейин Кыргызстандын делегациясы Индия Республикасынын Шарда университетинде өткөн “Социалдык илимдердеги саламаттык сактоону контекстуалдаштыруу: глобалдык жана улуттук перспектива” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

post.title

      Конференциянын алкагында Индиянын коомдук илимдер жана саламаттыкты сактоо Ассоциациясы (обо) гуманитардык жана социалдык илимдер мектеби менен биргеликте: "Коомдук Илимдердеги изилдөө методдору" аттуу семинар уюштурулуп, ага Кыргызстан, АКШ, Непал, Австралия жана Индиядан 142 окумуштуу катышты.

          Иш-чарада Кыргызстан менен Индиянын университеттеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу темасы козголду. Тараптар: профессордук-окутуучулар курамынын мобилдүүлүгү, спорт, медицина жана физиология тармагындагы кызматташуу, студенттердин мобилдүүлүгү, биргелешкен илимий макалаларды жарыялоо, эл аралык конференцияларды биргелешип уюштуруу сыяктуу маселелерди талкуулады.

           Белгилей кетсек, конференцияга биринчи жолу Кыргыз Республикасынын орто билим берүү тармагынын өкүлдөрү чакырылып, ага Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун директору, ошондой эле А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын директору катышты. Ошондой эле, иш сапардын алкагында MODERN PUBLIC SCHOOL (Индия) менен №68 мектеп-гимназиясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

 

Делегациянын курамында: 

 1. Абдыбекова Нурмира - Кыргызская государственная академия физической культуры и спорта им.Б.Турусбекова;

    2. Темирканова Таалайгуль - Ленинский районный центр образования;

  3. Сартбекова Нуржан - Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева;

 4. Садыкбек кызы Жайнагуль - Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева;

 5. Рыспаева Чолпон – Школа-гимназия №68 им. А.Осмонова;

6. Биймырсаева Еркегуль - Международный университет инновационных технологий;

 7. Биймырсаева Айдана - Институт химии и фитотехнологий НАН КР;

 8. Еркебуланова Салый – Университет Роял Метрополитен;

 9. Байжигитова Айзада - Кыргызская медицинская академия имени И.К. Ахунбаева;

10. Ерназарова Улпат - Кыргызская медицинская академия имени И.К. Ахунбаева;

11. Шайылдаева Асель - Кыргызский национальный университет имени Жусупа Баласагына;

12. Ажыгулова Адина - Бишкекский государственный университет имени К. Карасаева;

13. Мысакулова Гульназ - Кыргызский национальный университет имени Жусупа Баласагына;

14. Торокулова София - Международная Медицинская Школа Международного Университета Кыргызстана;

15. Сарыева Нуриса - Салымбеков Университет;

16. Касымова Назира - Кыргызский национальный университет имени Жусупа Баласагына;

17. Шабданова Аида - Кыргызский экономический университет имени М. Рыскулбекова.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар