Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 459

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арайя менен жолукту.

post.title

Анда билим берүүнүн сапатына басым жасоо, реформаларды колдоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.

Каныбек Иманалиев жолугушууда Азия өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын көп жылдан бери колдоп келе жаткан мыкты өнөктөш экенин белгилеп, жемиштүү кызматташуу өз ара ишенимдин негизинде улантыла берерин, алдыга бир топ алгылыктуу пландар коюлганын, аларды ишке ашырууда АӨБдын колдоосу чоң мааниге ээ экенин билдирди.

Канокпан Лао-Арайя өз кезегинде билим берүү турмуштагы эң маанилүү секторлордун бири экенин, ага жасалган инвестиция сөзсүз түрдө адамзаты үчүн мыкты тыянак берерин айтты.

Тараптар кызматташууну бекемдөөгө болгон күч-аракетин жумшай турганын ырасташты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар