Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ: "КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР АРТЫКЧЫЛЫКТУУ КЕСИПТЕР БОЮНЧА БИЛИМ БЕРЕТ"

Көрүлдү: 1167

“Кесиптик лицейлерге болгон мамилени толугу менен өзгөртүү керек. Анткени эң негизги жумуш берүүчүлөрдү даярдаган багыт бул – кесиптик лицейлер. Министрлик жумушчу кесиптерди даярдоого артыкчылык берет”, - деп билдирди билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу.

post.title
Бүгүн, 17-мартта билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейинде өтүп жаткан ачык эшиктер күнүнө катышып, лицейдин окуу бөлмөлөрү, техникалык базасы менен таанышып чыкты.
“Бизде жогорку билимдүүлөр көп, бирок негизги керектүү тейлөөчү кызматтарга муктажбыз. Анын ичинде үй тиричилик техникаларын оңдогон, компьютер менен иштеген адистер жетишсиз. Жаңы тенденциялар менен катар керектүү кесиптерди даярдашыбыз керек. Кесиптик лицейлер эң приоритеттүү кесип ээлерин даярдап чыгарат.  Кесиптик билими бар бала, турмушта сөзсүз өз ордун табарына ишенем”, - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле Расул Абазбек уулу 10-11-класстын балдарын профилдик окутуу абдан маанилүү экендигин белгилеп, келечекте бул нерсени ишке ашыруу керектигин кошумчалады.
№93 кесиптик лицейинде өтүп жаткан ачык эшиктер күнүнө жылына 400дөн 800гө чейин окуучу катышат. Мында окуучулар кесиптик лицейдин дараметин, кайсы кесиптерге окуса болору тууралуу маалымат алып кетишет.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар