Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Көрүлдү: 660

Бүгүн саат 16:00дө Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова өлкөдөгү райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрөт.

post.title

Жыйында мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруу, каржылоо маселелери, андагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, билим берүү мекемесинин жана ата-эненин милдети тууралуу маалымат угулат. 

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмунда же мекемесинде иштеген кызматкердин айлык акысын гана төлөп берет. Тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына акча каражатын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен ата-энелер биргеликте уюштурат, мекемени оңдоп-түзөө иштерине жана башка муктаждыктарына каражатты жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары бөлүп берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар