Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ ГАПЫР МАДАМИНОВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 1730

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев КР Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

post.title

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар