Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“STIPENDIUM HUNGARICUM” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Көрүлдү: 808

"Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алкагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө" Меморандумуна ылайык, 2023-2024-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Венгрия тарабынан "Stipendium Hungaricum" стипендиялык программасынын алкагында 200 квота бөлүнгөн.

post.title

Документтерди кабыл алуунун башталышы жөнүндө маалымат КР ББИМдин сайтында 2022-жылдын 1-декабрында Министрликтин социалдык тармактардагы баракчаларында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жаряланган.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү кыргыз тараптын онлайн-системасында 2023-жылдын 15-январында саат 23:59да жана "Stipendium Hungaricum Scholarship Programme" программасынын онлайн системасында (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) 2023-жылдын 16-январында саат 14:00гө (CET) чейин ишке ашырылып, кыргыз онлайн-системасында арыздарды кабыл алуу аяктаган учурга карата student.edu.gov.kg сайты аркылуу бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура, магистратура жана докторантура программаларына 700дөн ашык талапкер катталган.

2023-2024-окуу жылына карата тандоо эки критерий боюнча жүргүзүлдү:

- окуудагы жетишүүсү (аттестат, диплом, транскрипт).

- Англис тилин билүү деңгээли (TOEFL/IELTS).

Сунушталгандардын жыйынтыктоочу тизмеси Венгрия тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлгөн.

Алдын ала тандоодон өткөн талапкерлерге венгриялык ЖОЖдордун сынактык кароолоруна даярданууну суранабыз. Акыркы чечим "Темпус" коомдук фонду тарабынан кабыл алынат.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар