Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР РУСЛАН АКУН МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Көрүлдү: 526

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кинорежиссер Руслан Акун менен жолугушту.

post.title

Анда министр интернет айдыңында негативдүү, адамдын аң-сезимине терс таасир берген маалыматтар кеңири жайылып жаткан убакта терең мааниге ээ, маңыздуу тасмаларды жаратып жаткан режиссердун эмгектерин жогору бааларын айтты.

Каныбек Иманалиев “Агай” сериалын кызыгуу менен көрүп жатканын, мугалимдин басып өткөн жолун, ишмердүүлүгүн жана коомчулуктагы ордун чагылдырган мыкты тасма тартылганын белгилеп, жаратуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Агай” сериалы ушунчалык жогорку чеберчилик менен тартылыптыр. Жумуштан үйгө барып, түн уйкумду курмандыкка чалып болсо да көрүп жатам. Анткени сиз тартып жаткан тасмалар бугүнкү күндө актуалдуу. Сиздин артыңыз менен көптөгөн жаштар мугалим кесибине ээ болгусу келип, агартуучуларга болгон сый-урматы артып жатканына ишенем”,-деди Каныбек Иманалиев.

Министр Руслан Акунга чыгармачылык ийгиликтерди каалап, билим берүү тармагын беделин жогорулатууда режиссер менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар