Көрүлдү: 577
Бүгүн, 9-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын колдоосу менен Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин базасында көчмө бала бакча ачылды.
Көчмө бала бакчага түрдүү себептерден улам мектепке чейинки билим берүүгө камтылбаган 3-5 жаштагы 22 бала барат. Алар үчүн эрте өнүктүрүү, тарбиялоо жана окутуу шарттары түзүлдү. Балдар көчмө бала бакчада болгон учурда алардын ата-энелерине бала тарбиялоо боюнча усулдук жардам көрсөтүлөт.
Көчмө бала бакча долбоорун пилоттук негизде ишке ашыруу үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева жана аталган кафедранын мугалимдери, студенттери тартылды.