Көрүлдү: 677
11-февралда билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Борбордук Азиядагы Америка университети жана Кыргыз-Швед математикалык мектеби менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Меморандумга БААУнун атынан вице-президент Чыңгыз Шамшиев жана Кыргыз-Швед математикалык мектебинин өнүктүрүү боюнча директору Айдар Жоробеков кол коюшту.
Меморандумдун негизинде математика боюнча республикалык олимпиадада I орунду алган бүтүрүүчү класстын окуучусу БААУда окууга 100% грантка II жана III орунду алган 11-класстын окуучулары 50дөн 60%га чейинки жеңилдиктерге ээ болушат. Ал эми олимпиадада жеңишке жеткен 6-7-8-9-класстын окуучуларына Кыргыз-Швед математикалык мектебинде окуу үчүн 30%дан 60%га чейинки арзандатуулар берилет.