Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН ЖАҢЫ КЕҢЕШЧИСИ ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 0

Баймуратов Толкунбек Ташанович Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

post.title

Кеңешчи болуп дайындалганга чейин ал И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык

академиясынын ЖОЖго чейинки даярдоо борборунун директору болуп иштеген.

Алмаз Ибраев министрликтин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

 

Баймуратов Толкунбек Ташанович

Туулган күнү: 12.05.1977

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү (эки кыз, бир уулдун атасы)

Билими: Жогорку

1996-2001-жж. – Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (адистиги – даарылоо иши);

2005-2008-жж. – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (адистиги –юриспруденция).

2012-2013-жж. – КММАнын интернатурасы

Иш тажрыйбасы:

2017-ж. азыркыга чейин  – И.Ахунбаев атындагы КММАнын ЖОЖго чейинки даярдоо борборунун директору;

2018-ж. азыркыга чейин  – И.Ахунбаев атындагы КММАнын “Коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо” кафедрасынын ассистенти;

2017-2018-жж. Эл аралык жогорку медицина мектеби – “Терапия” кафедрасынын ассистенти;

2016-2017-жж. Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медицина борбору – директордун дарылоо иштери боюнча орун басары;

2014-2016-жж. – Бишкек шаарындагы №10 үй-бүлөлүк медицина борбору –директордун дарылоо иштери боюнча орун басары;

2013-2014-жж. Бишкек шаарындагы темир жол ооруканасы – дарыгер – кардиореаниматолог.

 

Сыйлыктары:

  • КР Өкмөтүнүн ыраазычылык каты;
  • КР ББжИМ Ардак грамотасы;
  • Бишкек шаардык кеңешинин ыраазычылык каты;
  • Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин Ардак грамотасы;
  • КММАнын Ардак грамотасы;
  • КММАнын “Мыкты кызматкер” Ардак грамотасы.

 

Билген тилдери: Кыргыз, орус, англис тилдери.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар