Көрүлдү: 707
Ысык-Көл облусунун мектептеринин математика, эне тили жана табият таануу мугалимдери үчүн “PISA-2025 тестине даярдануу аркылуу Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” курсу уюштурулду.
Курс катышуучулардын функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу жана баалоо методологиясын өздөштүрүүгө багытталган.
72 сааттык курс PISA-2025 изилдөөсүнө катышууга даярдоонун алкагында Орусия академиясынын Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы институтунун адистеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Жайкы мектептин материалдарынын негизинде иштелип чыккан. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу Каракол шаарында 2023-жылдын 23-январынан 4-февралына чейин өткөрүлдү.
“Келечек үчүн билим” долбоорунун баалоо боюнча координатору Мира Мыкыева жана консультант Ырысгүл Турсунбай кызы “Педагогикалык тестирлөөнүн теориясы жана практикасы. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун баалоо” сессиясын өткөрүштү.
Маалымат үчүн:
PISA (Programme for International Student Assessment, PISA) - окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Кыргызстан 2025-жылы аталган изилдөөгө үчүнчү жолу катышат.