Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОШТО БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Көрүлдү: 743

6-февралда Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Ош шаардык кеңешинде Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоого катышты.

post.title

Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Чойбеков жана Элдар Сулайманов Ош шаарында мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону демилгелешип, ага шаардык кеңештин депутаттары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кесиптик лицейлеринин директорлору катышты.

Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери жаштар арасындагы миграциянын өсүшүн айтып, көз карандысыз каржылоо жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо зарылдыгына токтолушту. Алардын сунуштары мыйзам долбоорун кароодо жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алынат.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар