Көрүлдү: 541
2023-жылдын 16-январынан 27-январына чейин Билим берүү жана илим министрлиги менен Тилектештик борбору республиканын 92 кесиптик лицейлеринин директорлорунун орун басарлары үчүн семинарларды өткөрдү.
Директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген коопсуз, жооптуу миграция жана адамдарды сатууга каршы аракеттенүү боюнча билим берүү модулу тууралуу билим алышты.
Катышуучулар кесиптик лицейлердин окуу процессине семинарда окутулган миграцияга даярдоо, мигранттардын эмгек укуктарын коргоо жана ишке орноштуруу, адамдарды сатуу жана мажбурлап иштетүү, балдар эмгегинин формалары жана зомбулук экстремизм сыяктуу темаларды киргизүүсү пландаштырылууда.