Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Ак-Суу мектеп-интернатынын ачылышы боюнча министрликтин түшүндүрмөсү

Көрүлдү: 1021

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жакын жайгашкан эки мектебиндеги окуучулардын контингентин азайтуу, алыскы айылдарда (мисалы, Эңилчек айылы) жашаган балдардын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун уюштуруу максатында Ак-Суу балдар үйүнүн базасында жалпы билим берүүчү мектеп-интернат ачылды.

post.title

Теплоключенко айылынын жалпы билим берүүчү уюмдарында психологиялык өнүгүүсү бузулган балдарды окутуу үчүн шарттардын жоктугуна байланыштуу, күндүзгү формада окуткан коррекциялык классты ачуу пландалууда. Алыскы райондордон келген балдар үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каты боюнча, 20дан ашпаган адам баткыдай жатакана берилет. Коррекциялык окуудан өткөндөн кийин балдар кадимки мектептерге барып окуй беришет.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрьына чейин оптимизациянын алкагында балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын айрымдары интернат тибиндеги башка мекемелерге которулуп кетишкен, кээ бирлери туугандарына кайтып барышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар