Көрүлдү: 559
2023-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын иш чаралар планынын аткарылышы боюнча өткөн иш-чарада “Мыкты көп тилдүү мугалим” номинациясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
1. Рахматова Гүльмира Насарбековна – Бишкек шаары, Биринчи май районундагы №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплексинин кыргыз тили жана адабиты мугалими – “Экинчи тил боюнча сабактын шилтемеси” кыргыз, орус, чет тилдери номинациясынын жеңүүчүсү;
2. Ибраимова Зарина Анарбековна – Чүй облусу, Ысык-Ата районундагы Н.С.Баранов атындагы №2 жалпы орто билим берүү мектеп-лицейинин башталгыч класс мугалими - “Предмет менен тил интеграциялап окутуу методикасынын негизинде түзүлгөн иштелмеси” номинациясынын жеңүүчүсү;
3. Заида Жакып кызы, Гүлнур Конокбаева – Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячылары – “Методикалык ыкманы көрсөтүү боюнча видеоматериал” номинациясынын жеңүүчүлөрү;
4. Салтанат Кеңешчоро кызы – Бишкек шаарынын Октябрь районунун №3 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси – “Педагогикалык чеберчилик” эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү.