Көрүлдү: 471
Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун демилгеси менен 2023-жылдын 23-январынан 7-мартка чейин окутууларда 300 жалпы билим берүү уюмдарында иштеген социалдык педагогдор юридикалык көндүмдөрүн жогорулатат.
Кыргызстан юридикалык клиникаларынын ассоциациясы окутууларды онлайн форматта өткөрөт.
Окутуулар 2022-жылдын 9-декабрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жана Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Артур Бакировдун кызматташуу тууралуу кол койгон меморандумдун алкагында уюштурулуп жатат.