Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ 23 МИҢ 751 ЭРКЕК ИШТЕЙТ

Көрүлдү: 546

Кыргызстандын мектептеринде 23 миң 751 эркек иштейт, бул жалпы кызматкерлердин санынын 19,3% ын түзөт.

post.title

Мектептерде 14 миң 858 эркек мугалим сабак берет же мугалимдердин жалпы санынын 15,3%ы. Мектептердин окутуучулук курамынан тышкары 8 миң 893 эркек.

Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринде 2 миң 911 эркек иштейт же бардык кызматкерлердин санынын 22,3% ы.

Ош облусунда – 5 миң 642 эркек же 20,5%,

Жалал-Абад облусунда – 4 миң 723 эркек же 19,3%,

Чүй облусунда – 3 миң 81 эркек же 17,7%,

Нарын облусунда – 1931 эркек же 24,4%,

Ысык-Көл облусунда – 1890 эркек же 19%,

Талас облусунда – 1151 эркек же 19,7%,

Бишкек шаарында – 1621 эркек же 13,8%,

Ош шаары – 1913 эркек же 20,6%.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар