Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТЫЮУ САЛЫНГАН КУМАР ОЮНДАРЫНА ОКУУЧУЛАРДЫ ТАРТУУНУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА БУЙРУК ЧЫКТЫ

Көрүлдү: 3491

Билим берүү жана илим министри Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган кумар оюндарына окуучуларды жана студенттерди тартуу боюнча мыйзамсыз иштердин алдын алуу үчүн буйрукка кол койду.

post.title

Буйрук Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 404 “Кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишке бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында чыгарылды.

Иш-аракеттер планы бекитилип, ага мектеп окуучулары, студенттер жана алардын ата-энелери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кумар оюндарынын зыяндуулугу жөнүндө социалдык роликтерди тартып, аларды жалпы маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда жайылтуу, лекцияларды, конкурстарды өткөрүү, ата-энелер чогулуштарында кумар оюндарга көз карандылыктын алдын алуу, компьютердик оюндардын балдардын ден соолугуна тийгизген терс таасири боюнча маселелерин талкуулоо, ошондой эле ден соолукту чыңдоо боюнча спорттук иш-чараларды жана акцияларды уюштуруу кирет.

Шилтеме:

Президенттин Жарлыгы - http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/434853

Буйрук

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар