Көрүлдү: 483
2023-жылдын 10-январында Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эл агартуунун мыктысы Шааркан Кенжегулова дүйнөдөн кайтты.
Шааркан Кенжегулова 1930-жылы Ат-Башы районунун Кара-Тал айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими:
1952-жылы Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти бүтүргөн.
1953-1957-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1957-жылы – Жумгал районундагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебине иштөөгө жолдомо менен жөнөтүлгөн.
1959-жылы – Таш-Дөбө жети жылдык мектебине директор болуп дайындалган.
Сыйлыктары жана наамдары:
- “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардак наамы;
- “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси;
- “Октябрь революциясы” ордени;
- “Эмгек Кызыл Туу” ордени;
- “Баатыр эне” ордени.
Шааркан Кенжегулова 4 уул, 4 кызды тарбиялап өстүргөн.
КР Билим берүү жана илим министрлиги Шааркан Кенжегулованын туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.