Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮНӨ ДАЯРДАНУУ БОЮНЧА ВЕБИНАР УЮШТУРУЛДУ

Көрүлдү: 667

10-январда Ош билим берүү институту “Окуучуларды PISA - 2025 изилдөөсүнө даярдоонун жолдору” аттуу вебинар уюштурду.

post.title

Билим берүү кызматкерлеринин январь усулдук окуусунун алкагында уюштурулган вебинарга Ош облусундагы бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери, андагы PISA боюнча жооптуулар, ошондой эле каалоочу мугалимдер катышты.

Анын жүрүшүндө “PISA 2025 изилдөөсүнө билим берүү мекемелеринин даярдыктары”, “PISA 2025 изилдөөсүнө даярданууда тесттер менен иштөө жана баалоо” жана “PISA 2025 изилдөөсүнө даярданууда STEM багытынын артыкчылыктары” темаларындагы презентациялар тартууланды.

Иш-чаранын соңунда спикерлер катышуучулардын суроолоруна жооп берип, презентациялары менен бөлүштү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар