Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫШКЫ КАНИКУЛ УЗАРТЫЛДЫ

Көрүлдү: 3900

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекция ооруларынын андан ары жайылышына жол бербөө сунушунун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аба ырайынын температурасынын кескин төмөндөшүнүн күтүлүүчү шарттары боюнча маалыматынын негизинде окуучулардын кышкы каникулун 2023-жылдын 15-январына чейин узартуу жөнүндө буйрук чыгарды.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы № 1529/1 буйругу менен бекитилген “2022-2023-окуу жылына карата Базистик окуу пландарынын Түшүндүрмө катынын” “Уюштуруу иш-чаралары” бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизилет:

  • кышкы - 17 календардык күн: 2022-жылдын 30-декабрынан башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 16-январынан башталат;
  •  
  • жазгы - 5 календардык күн: 2023-жылдын 22-мартынан башталып, 26-мартына чейин жарыяланат, сабактар 2023-жылдын 27-мартынан башталат.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт.

Ал эми кесиптик лицейлер билим берүүсүн окутуунун онлайн форматында жүргүзөт. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар