Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВДУН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КУТТУКТООСУ

Көрүлдү: 1

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу жалпы билим берүү жана илим тармагынын кызматкерлери! Сиздерди Билим берүү жана илим министрлигинин атынан келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктай

post.title

Өтүп бараткан жылды узатып жатып аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, министрлик үчүн жаңы чакырыктарга, өзгөрүүлөргө бай ийгиликтүү жылдардан болду.

Жаңы жылда биз жаңы заманбап методикалардын жардамы менен билим берүү системасын жакшыртуу аракеттерин уланта бермекчибиз.

Кыргызстандын келечеги жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү билим берүү системасынан түздөн-түз көз каранды. Билимдүү жаштар жана өнүккөн адамдык потенциал гана өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин бирине айландыра алат.

Билимдүү жаштарыбыздын саны арбып, элибиздин келечекке болгон үмүт-тилеги жанып, өлкөбүздүн өнүгүүсү ыкчамдай берсин! 

Жаңы жыл жалпы кыргызстандыктар үчүн жаңы жолдун жана ийгиликтердин башталышы болуп, ой-максаттары, үмүт-тилектери кабыл болсун!

Ар бир үйгө кут конуп, ырыскы байырласын!

Элибизди, жерибизди кудай колдоп, бейпилдик жана тынчтык берсин!

Жаңы жылыңыздар куттуу болсун, урматтуу кыргызстандыктар!

 

 

 

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар