Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Көрүлдү: 701

2022-жылдын 27-декабрында Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов менен Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ билим жана илим тармагындагы кызматташууну талкуулады.

post.title

Министр өз ара аракеттенүүдөгү жетишкендиктерге канааттангандыгын билдирип, Кыргызстанда кыргыз-корей ресурстук борборунун ачылышына карата айрым мектептерде корей тили класстарын ачууну жана иш-чара өткөрүүнү сунуштады.

Корея тарап биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары, анын ичинде ЖОЖдор менен макулдашуулар жана Кыргызстанды артыкчылыктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу айтып берди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар