Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

Көрүлдү: 788

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Бишкек шаарындагы №21 угуусу начар жана кулагы укпаган балдарга арналган мектеп-интернатына барып, жаңы жылга карата белектерди тартуулашты.

post.title

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары өзгөчө балдарга таттуу жана оюнчук белектерден сырткары мекемеге акчалай да жардам көрсөттү.

“Жылдагы салтты бузбастан, быйыл дагы балдарыбызга майрамдык жагымдуу маанай тартуулап коюну туура көрдүк. Колдон келген жардамды аябайбыз. Балдар – биздин келечегибиз, алар эр жетип чоңойгуча, камкордукту биз көрсөтүүбүз зарыл. Жаңы жылыңыздар менен! Келе жаткан жылы сиздерди көптөгөн ийгиликтер күтүп турат деген ишеничтемин” – деп куттуктады Камчыбек Ташиев.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов министрликтин атынан аталган мектепке 3 компьютер белекке берип, мамлекет тарабынан билим берүүнүн сапаты жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын айтты. 

“Биздин негизги милдет – билим берүүнү өлкөдөгү ар бир балага жеткиликтүү кылуу. Ар кимибиздин өзүбүзгө жараша өзгөчөлүгүбүз бар, бирок баарыбыз бирдей укукка ээбиз. Жаңы жыл баарыбыз үчүн берекелүү, жемиштүү жылдардан болот деген үмүттөмүн. Сиздерден да келечекте кыргыз билим берүүсүнө, илимине барандуу салым кошо турган мыкты атуулдар чыгат деп ойлойм. 2023-жыл ошол ийгиликтердин башаты болсун! ” – деди Уланбек Мамбетакунов.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев менен Уланбек Мамбетакунов жакында эле УКМКнын өздүк эсебинен капиталдык ремонттон өткөн мектептин ашканасынын абалы менен таанышып чыкты.

Ал эми былтыркы жылы көрсөтүлгөн акчалай жардамга учурда мекеменин санитардык түйүндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган билим уясына окуу куралдары, техникалык жабдуулар жана компьютерлер менен камсыздоо аркылуу жардамдар көрсөтүлүп келет.

Мекеменин жетекчиси ар даталуу күндөр сайын көңүл сыртында калтырбай көрсөтүлүп жаткан көмөктү жогору бааларын айтып, терең ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мектеп-интернатта учурда 294 бала билим алат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар