Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 755

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу республикадагы башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында биринчи жарым жылдыкты жабуу жана кышкы эс алуу учурундагы иш-чаралар, кесиптик лицейлердин финансы маселелери, социалдык өнөктөштү өнүктүрүү жана дуалдык окутуу маселелери каралды.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине протоколдук тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу 26 кесиптик билим берүү мекемеси онлайн окутууга өткөн.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар