Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЯНВАРЬ АЙЫНЫН АЯГЫНА ЧЕЙИН 1200 МЕКТЕПКЕ КОМПЬЮТЕРДИК ЖАБДУУЛАР ЖЕТКИРИЛЕТ

Көрүлдү: 934

Билим берүү жана илим министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады.

post.title

Учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

Жабдуулардын комплектине төмөнкүлөр кирет: 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер).

Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды.

“Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар