Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ ПЕДАГОГИКАСЫ БОЮНЧА КИТЕПТЕРДИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Көрүлдү: 2905

2022-жылдын 23-декабрында “Дене тарбия жана спорттун педагогикасы” окуу китебинин жана “Ата-эне менен баланын мамилеси: балдарды тарбиялоо боюнча сабактар” аттуу бала тарбиялоо жаатындагы энциклопедиянын бет ачары болду.

post.title

Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Министрдин кеңешчиси Алмаз Ибраев, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саитдин Азизбаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору Камалбек Карымшаков, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Спорт илимдери факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Канат Джанузаков ж.б. катышты.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарындагы 10 пилоттук  жалпы билим берүү уюмдарына волейбол боюнча секциялар ачылгандыгын жана биринчи жолу тарбия иштери боюнча республикалык форум өткөндүгүн белгиледи.

 “Дене тарбия жана спорттун педагогикасы” окуу китебинин авторлорунун бири Канат Джанузаков аталган китеп таалим-тарбия берүүнүн педагогикалык негиздери боюнча кыргыз тилинде жарык көргөн биринчи китеп экендигин билдирди.

Ал эми “Ата-эне менен баланын мамилеси: балдарды тарбиялоо боюнча сабактар” аттуу бала тарбиялоо жаатындагы энциклопедияны англис тилинен кыргыз тилине которгон Алмаз Ибраев китептин түпкү маанисинде тарбия процесси баладан эмес, ата-энеден башталары жатат дейт.

“Бала  жакшы байкоочу жана жакшы көрүүчү, бирок начар талдоочу. Анткени ал уккан, көргөн нерсесине анализ жүргүзө албайт. Ошондуктан ата-энелер өздөрүнүн ар бир кыймылы менен балага өрнөк болуп жаткандыгын эстен чыгарбоосу керек. Китепте ата-эне биринчи мугалим, биринчи тренер, биринчи мотиватор экендигин кабыл алып, өзүн тарбиялашы керек деген ой камтылган”, - деп билдирди Алмаз Ибраев.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар