Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЗЕРБАЙЖАНДЫК АДИСТЕР ЭКИ МЕКТЕПТИН STEAM КЛАССТАРЫНЫН ДОЛБООРЛОРУН ДАЯРДООДО

Көрүлдү: 679

21-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов азербайжандык адистер менен жолугушуп, Гейдар Алиев жана Низами Гянджави атындагы мектептердеги STEAM класстарынын долбоорун талкуулады.

post.title

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдин алкагында Гейдар Алиев атындагы №20 мектепте жана Низами Гянджави атындагы №103 мектепте заманбап жабдуулар менен жабдылган STEAM борборлору түзүлөт.

Борборлордун долбоорун түзүү үчүн Бишкекке STEAM Azerbaijanдолбоорунун кызматкерлери Фазил Бабаев жана Орхан Гурбанов келди. Алар 21-декабрда №20 мектептин имаратын көрүп, өлчөөлөрдү жана сүрөттөрдү тартып, физика, химия, биология жана технология кабинеттерин кантип жабдууну чечишти. Ал эми 22-декабрда азербайжандык адистердин №103 мектепке барары пландалууда.

STEAM Azerbaijanдолбоору 2019-2020-окуу жылында Биринчи вице-президент Мехрибан Алиеванын демилгеси жана Азербайжан Республикасынын Билим берүү министрлигинин Билим берүү институтунун колдоосу менен башталганын кошумчалайбыз.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар