Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОЖдор ИНДЕКСТЕЛҮҮЧҮ МААЛЫМАТ БАЗАСЫНА КИРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК АЛАТ

Көрүлдү: 2643

2022-жылдын 21-декабрында Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда эл аралык илимий-метрикалык маалыматтар базасына жазылууну сатып алуу үчүн консорциум түзүүгө Макулдашылды.

post.title

Аталган келишимдин негизинде жогорку окуу жайлары төмөндөгү индекстелүүчү маалымат базасын колдонууга мүмкүнчүлүк алат:

- 25 000дөн ашуун рецензияланган илимий-техникалык жана медициналык журналдарга (7000ден ашуун эл аралык басмаканалар тарабынан чыгарылат);

- 200 000 ден ашуун китеп;

- конференциялардын материалдарынын кеминде 10 миллион басылмаларына;

-  5 патенттик ведомстводон кеминде 45 млн патентке;

- 20 000ден ашуун методикалык маалыматтарды экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө;

- атрибуттары бар толук жана ар тараптуу автордук профилдер: цитаталар, документтер, дүйнө жүзүндөгү бардык активдүү изилдөөчүлөр үчүн авторлоштор;

- күн сайын жаңыланган маалымат базасына.

 


Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар