Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ОКУУ КИТЕПТЕРИ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Көрүлдү: 869

Бүгүн, 21-декабрда “Окуу китептери: кечээ, бүгүн жана эртең” темасында тегерек стол өтүп, ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Президенттин Администрациясынын эксперти Аида Акаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу уюмдардын жетекчилери, окуу китептери боюнча эксперттер, окуу китептеринин авторлору, басмалардын жана басмаканалардын өкүлдөрү, мектеп китепканачылары ж.б. катышты.

post.title

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов азыркы заманга жараша окуу китептерин басып чыгаруу менен анын сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

 Ал эми Уланбек Мамбетакунов жаңы муундагы билим берүү стандарттарын киргизүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө жаңы токтом бекитилгенин айтты.

“Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде жаңы предметтик стандарттар жана жаңы окуу китептери жазылат. Китептерди жазууда авторлорго бир, эки айлык мөөнөт эмес, бир жылга чейин убакыт берүү зарыл. Ар бир окуу китеби төрт экспертизадан өтөт. Алар илимий, илимий-педагогикалык (усулдук), басмырлоого каршы жана гендердик, педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза”, - деп билдирди министр Мамбетакунов.

Тегерек столдун жүрүшүндө “Окуу китептерин иштеп чыгуу этаптары” жөнүндө видео-ролик көрсөтүлүп, окуу китептеринин абалы, жаңы мамлекеттик стандартка ылайык окуу китептеринин стандарттарын иштеп чыгуу, аларды бекитүү жана жаңы методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун жол-жоболорунун негизинде иш-аракеттерди аткаруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева – “Мамлекеттик билим берүү стандарттары: маңызы, мазмуну жана мектептик билим берүү мейкиндигиндеги ролу”, Билим берүү жана илим министрлигинин Китеп чыгарууну өнүктүрүү секторунун башчысы Самат Тоялиев –  “Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылуу маселелери”, Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун директору Чынара Курбанова“Кыргыз Республикасындагы окуу китептерин басып чыгаруу” темаларында баяндамаларды жасашты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар