Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТ: ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ – 226, ЭҢ ТӨМӨНКҮ БАЛЛ– 65

Көрүлдү: 494

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу же 70,9% 110 же андан жогору балл топтоду.

post.title

Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү.  

Тестирлөөдө максималдуу баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.

ЖРТны кыргыз тилинде –  658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар