Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АЗЕРБАЙЖАНДЫК АДИСТЕР ЭКИ МЕКТЕПТИН STEAM БОРБОРЛОРУН ЖАНА КАБИНЕТТЕРИН УЮШТУРУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Көрүлдү: 428

21-22-декабрда Бишкекке Гейдар Алиев атындагы №20 жана  Низами Гянджави атындагы №103 мектептерде STEAM борборлорун жана кабинеттерин уюштурууну пландоо үчүн азербайжандык адистердин келиши күтүлүүдө.

post.title

STEAM борборлору жана кабинеттери мектеп окуучуларынын интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана аларды илимий-техникалык чыгармачылыкка тартууга багытталган. Ошондой эле Азербайжан тарап физика жана химия боюнча лабораторияларды жабдууга да колдоо көрсөтүүсү пландалууда.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен эки мектептин мугалимдери жана окуучулары 11-декабрдан 18-декабрга чейин Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы заманбап билим берүү комплексинде, Азербайжан дипломатиялык академиясында жана Баку Европа орто мектебинде болушту.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылы Азербайжан делегациясынын Кыргызстанга сапары пландалууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар