Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДУНГАН ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Көрүлдү: 17

Билим берүү жана илим министри У.Э. Мамбетакуновдун демилгеси менен орто мектептердин дунган тили жана адабияты мугалимдеринин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

post.title

Жолугушууда дунган тилин жана адабиятын окутуудагы көйгөйлөр, кошумча адабияттардын болушу жана башка маселелер талкууланды.

Уланбек Мамбетакунов Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин белгиленип, ар бир улуттун маданий, руханий баалуулуктарына, тилине, динине сый мамиле кыларын билдирди. 

Министр ар бир көйгөйдү кылдат карап чыгып, атайын жумушчу топ түзүү менен жеринен чечүү боюнча иш алып барыларын айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар