Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТАРБИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ФОРУМ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 948

Бишкекте “Улуттук нарк - улуттун жүзү” аталышындагы тарбия иштери боюнча республикалык форум өтүүдө.

post.title

Аталган форум КР Президенттик Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, Министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Динара Ашимова жана Миргүл Темирбаева, Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова жана башкалардын катышуусунда Билим берүү жана илим министрлиги ошондой эле “Түркия Маариф” фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан  “Маариф” билим берүү комплексинин базасында өткөрүлүүдө.

 

Иш-чаранын ачылышында Министр Уланбек Мамбетакунов бул форум чындыгында тарбия концепциясынын маанисин коомчулукка жеткирүүгө мыкты өбөлгө болоруна ишенип жатканын билдирди.

 

Республикабыздын педагогдору тарабынан иштелип чыккан “Ата-энелер мектеби” программасы колдонуу үчүн сунушталган. “Ата-энелер мектеби” программасынын алкагында дагы үй-бүлө тарбиясындагы нарктуулук идеялары киргизилген. Ушул программанын курсун бүтүргөн ата-энелер нарктуу үй-бүлө түшүнүгүнө жана өзүн нарктуу үй-бүлө өкүлү катары алып жүрүү компетенттүүлүгүнө ээ болушат”, - деди министр.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы №303 “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” Жарлыгынын алкагында, билим берүүдөгү тарбиянын актуалдуу маселелерин талкуулоо, жалпы билим берүү уюмдарында тарбия процессин уюштурууну өркүндөтүү, мугалимдердин тарбия жаатындагы чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, окуучулар арасында руханий-адеп-ахлактык тарбиялоонун сапатын мындан ары жакшыртуу, руханий жактан бай жана адеп-ахлактуу инсанды калыптандырууга, өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатын көздөйт.

 

        Форумга республиканын ар бир райондук билим берүү бөлүмүнөн тарбия иштерин жетектеген адистер, тарбия иштери боюнча райондук секция жетекчилери жана облустук билим берүү борборлорунун кызматкерлеры катышууда.

 

          Форумдун жүрүшүндө пленардык талкууга:

- Тарбия жана мектеп. Нарктуу жаранды калыптандыруудагы мектептин ролу;

- Тарбия жана үй-бүлө. Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун артыкчылыктары;

- Тарбия жана мамлекеттин өнүгүүсү. Нарктуу коомду курууда жалпы билим берүү кызматкерлеринин Кыргызстандын жарандарына үлгү көрсөтүүсү темалары коюлууда.

Талкууда спикерлер менен катышуучулар ортосунда тажрыйба алмашуулар, пикир алмашуулар болуп, сунуштар кабыл алынат.

Форумда ар бир облустан келген катышуучулар өздөрүнүн мыкты иштерин ортого салышат. Бул иштер атайын бөлүнгөн семинар-практикумдар аянтчасында ишке ашат.

Форум 17-18 декабрь аралыгында өтөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар