Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: БАТКЕН ОБЛУСУНДА 22 ТАЛАПКЕР АНЫКТАЛДЫ

Көрүлдү: 890

15-декабрда Баткен облусундагы мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү.

post.title

Сынакка катышуу үчүн 89 адам документ жиберип, анын 68и компьютердик тестирлөөгө катышуу укугун алган.

Тестирлөөгө жалпы 66 талапкер катышып, экөө тестке келген жок. 

60 пайыздык босого чектен 26 адам өтүп, 22си  жеңүүчү деп табылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусундагы 50 жалпы билим берүү уюмунда ваканттык орун бар болчу.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар