Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПКЕ БАРДЫ

Көрүлдү: 441

Бүгүн, 14-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Я.Я.Ваккер атындагы жалпы билим берүү орто мектебине барды.

post.title

Анда министр учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептеги окуунун жүрүшүнөн жана андагы санитардык талаптардын аткарылышынан кабар алды.

Аталган мектепте балдардын сабакка катышуу көрсөткүчү жогору болгондуктан азырынча карантин киргизүү зарылдыгы жок. Мындан улам сабактар кадимки режимде уланууда.

Министр Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылында түзүлгөн эпидемиологиялык мезгилине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия процессин уюштуруу жана жүргүзүү жөнүндө Нускамда бекитилген талаптарды аткарууну тапшырды.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар