Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ИНӨНҮ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Көрүлдү: 2593

Бүгүн, 13-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Түркия Республикасынын Инөнү (Inonu) университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

post.title

Министр Инөнү университетинин өкүлдөрүнө Кыргызстандын билим берүү системасы тууралуу маалымат берип, бүгүнкү жолугушуу бир гана медицина жаатында кызматташуу менен чектелбей, билим берүүнүн бардык тармагында кызматташууга жол ачарына ишенерин билдирди.

Ал эми Инөнү университетинин ректору профессор-доктор Ахмет Кызылай окуу жайдын ишмердүүлүгү медицина тармагына басым жасарын айтып, айрыкча боор трансплантациясы жаатында адистешкендигин белгиледи.

Ошондой эле Ахмет Кызылай эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бардык тармакта бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун алкагында кыргызстандын медицина жаатында иш алып барган ЖОЖдорунун окутуучуларын, студенттерин тиешелүү тармактарда билим алуу, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү сүйлөшүлдү.

Аталган университеттин өкүлдөрү алдыда өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайлары менен да жолугушууларды өткөрмөкчү. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар