Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО: БИШКЕКТЕН 9, ОШТОН 7 ТАЛАПКЕР ТЕСТТЕН ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

Көрүлдү: 594

Бүгүн, 13-декабрда Бишкек жана Ош шаарларынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөө өттү.

post.title

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынан 9 адам босого пайыздык чектен өттү. Жалпысынан тест катышууга 19 талапкер документ жиберип, анын 16сы тестирлөөгө катышуу укугун алган. Бирок бүгүн бир талапкер тестирлөөгө келген жок.

Ош шаарынан тестирлөөгө 17 талапкер документ жөнөтүп, анын 14ү тестке катышууга укук алган. Жыйынтыгында 60 пайыздык чектен 7 талапкер өттү.  

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 4 ваканттык орун бар болчу.
 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар